• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кемероводогу өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында КР жарандары жок – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 26.03.18./Кабар/. Кемерово шаарында (Россия) жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборундагы өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок,-деп билдирет КР ТИМнин басма сөз кызматы.

РФ ӨКМдин Кемерово шаарындагы Башкармалыгынын маалыматы боюнча, өрттүн кесепетинен 44 адам жабыркап, 37си каза болгон.

Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Учурда каза болгондордун өздүгү такталууда.

“РФ ӨКМнин Кемеров облусундагы Башкармалыгынын алдын ала маалыматына ылайык, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Ошондой эле Россиянын тергөө органдарынын маалыматы боюнча, каза болгондордун өздүгү жана жарандыгы такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий