• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кемин райондук милициясы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Кемин райондук милициясы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинин жайылып жаткандыгына байланыштуу Кемин райондук милициясы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте кафелердин, ресторандардын, дүкөндөрдүн ээлерине, базардагы сатуучуларга түшүндүрүү мүнөзүндөгү маектешүү иш-чараларын өткөрүп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунушталган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоолорун эскертишти.

Иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери жарандар тарабынан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн сунушталган тиешелүү чараларды сактабай жаткандыгы аныкталып, аларга мындай фактыларды болтурбоону эскертишип, маектешүүлөр өткөрүлдү.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте жергиликтүү тургундарга жеке гигиеналык эрежелерди сактоону, өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн туугандарынын арасында массалык иш-чараларды өткөрбөө жөнүндө түшүндүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий