• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кемин райондук милициясы тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Кемин райондук милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун аймагында кылмыштуулукту жана башка тартип бузууларды алдын алуу максатында 2021-жылдын 14-17-август күндөрү “Отработка” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чара учурунда Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан бир катар түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин соттолгон жарандар, колдонулбай калган эски имараттар жана башка жайларда текшерүү иштери, ошондой эле базарлар жана башка соода сатык жайлар, тейлөө көрсөтүүчү жайлар жана коомдук жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, малчылар жана башка жарандар менен жолугушуулар болуп, кылмыштуулук жана башка мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий