• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кемин райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн кызматтык үй пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. 10-февралда башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматовдун катышуусунда Чүй облусунун Кемин райондук прокуратурасынын ыкчам кызматкерлери үчүн салынган кызматтык үйдүн ачылыш аземи болуп өттү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Беш батирлүү эки кабаттан турган кызматтык үйдүн курулушу 2021-жылдын 14-июнунда башталып, 7 айлык мөөнөттө бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий