• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кемин районунда 2 күндө 6 мас айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда 22-23-февраль күндөрү "Рулда" жана "Масайдоочу" аталышында рейддик иш-чара өткөн. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери эреже бузуу боюнча 45 протокол түзгөн – 6 айдоочу мас абалында кармалса, 3 айдоочунун тиешелүү документтери болгон эмес, 24 айдоочу ылдамдыкта ашырып айдаган. Ошондой эле 10 унаа айып аянтчасына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий