• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кемин районунда мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдаган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кемин районунда мүрзөдөгү темир тосмолорду уурдоого шектелип бир киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду белгисиз бирөөлөр сындырып жатышкандыгы айтылган.

Андай окуя Кемин районунда да болгону маалым болгон. Ал факты боюнча Кемин РИИБдүн кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышып, 2022-жылдын 10-февралында ал бирдиктүү реестрге катталган.

Териштирүү учурунда жогорудагы мүрзөдөн белгисиз бирөөлөр темир тосмолорду уурдап жүрүшкөнү аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектелип, 1983-жылы туулган И.А., аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, уурдаган темир тосмолорду темир-тезек сатып алуучу жайга өткөрүп жүргөнүн билдирген.

Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий