• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кемин районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Кемин районунан мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-февраль күнү Кемин районунун ИИБине жергиликтүү 59 жаштагы К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-февралдан 20-февралга караган түнү сарайына белгисиз бирөөлөр кирип, бодо малын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бетин ачуу максатында бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, мал өткөрүлүүчү базарларда текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Чүй облусунун ИИББнин жана Кемин РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы мал уурулугуна шектелишип, 26 жаштагы А.Ш., 29 жаштагы С.С. жана 23 жаштагы Т.Б. аттуу жарандар кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандар Кемин районунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 24-февралына караган түнү катталган дагы бир мал уурулугуна тиешеси бар экендиги аныкталган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүү жарандар уурдалган малды союп, колбаса чыгарган жайлардын бирине өткөрүп жиберишкени такталаган. Кармалган жарандардын бири 26 жаштагы А.Ш. убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, ал эми эки жарандын үстүнөн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий