• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кемин районунда милиция тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда милиция тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, тартип бузууларды алдын алуу максатында, эс алуучу жайларга милициянын аймактык тескөөчүлөрү бекитилип, алар бөлүнгөн аймактарында тиешелүү алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-июнь күндөрү Кемин РИИБнин башчысы Талант Мурадилов жана анын орун басары Кубанычбек Карагалдаев милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы менен Кемин районунун Орловка шаарына жакын жайгашкан эс алуу жайында алдын алуу иштерин жүргүзүштү.

Кемин РИИБнин жетекчилиги эс алуучулар менен жолугушуп, аларды бөөдө кырсыктардан алыс болуп, эс алуу жайдын администрациясы тарабынан айтылган коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертишти. Ошондой эле жаш балалуу ата-энелерди бөбөктөргө өзгөчө көңүл буруп, алардын кыймыл аракеттерине тыкыр көз салуу зарылдыгы айтылды.

Андан сырткары, милициянын көчмө кабылдама автоунаасы эс алуу жайларда жана башка коомдук жайларда алдын алуу иштерин жүргүзүшөрүн айтышып, кандай кайрылуулар болбосун милициянын көчмө кабылдамасынын кызматкерлерине кайрылуу ыңгайлуу экендигин эскртишти.

Эске сала кетсек, ИИМ тарабынан Кемин РИИБине милициянын көчмө кабылдама автоунаасы үстүбүздөгү жылдын 16-апрель күнү берилген. Буга чейин Кемин районунун аймагындагы айылдарына көчмө кабылдама 26 жолу эл менен жолугушууга чыгышкан. Учурда Кемин районунун аймагындагы эс алуучу жайларда, коомдук жайларда жана айыл жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий