• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кемин районунда өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Кечээ, 6-декабрда Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу максатында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Иш-чарада Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан билим берүү мекемелеринде окуучулар үчүн тартип бузууларды алдын алууга багытталган лекциялар окулулуп, мектеп окуучуларынын сууроолоруна жооптор берилди.

Мындан сырткары, өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен жолугушуулар болуп, өспүрүмдөр бош учурларда эмне менен алектенип жатышкандыгы тууралуу ата-энелер кабардар болуусу жана аларга ар дайым көзөмөл кылуу зарылдыгы айтылды.

Ошондой эле алдын алуу иш-чара учурунда дүкөндөрдүн жана башка соода кылуучу жайлардагы сатуучулар менен жолугушуулар болуп, өспүрүмдөргө алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди сатпоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындай алдын алуу иш-чаралары Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан байма-бай өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий