• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кемин районунда унаа 10 жаштагы баланы өлтүрө коюп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Кемин районунда Бишкек – Торугарт унаа жолунун 86-чакырымында унаа 10 жаштагы баланы өлтүрө коюп кеткен. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол коопсуздук кыймылын жөнгө салуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 19:30дар чамасында “Тойота Хариер” үлгүсүндөгү унаа батышты көздөй бара жатып, Жаңы-Алыш айылынын 2008-жылкы жашоочусун сүзүп кеткен.

Жабыркаган бала ооруканага баратканда жолдо каза болгон.

Чогултулган материалдар Кемин райондук ИИБне өткөрүлүп берилди. Унаа айып токтотуучу жайга токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий