• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кемин районунда уурулукка шектүү аял кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кемин районунда уурулукка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-апрелинде Кемин РИИБине 1969-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 12:00 чамасында белгисиз аял анын дүкөнүнөн кийим- кечектерди уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын каттоо китебине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.Э. аттуу аял кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий