• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кемин шаарынын борборун оңдоого 7,5 млн. сом жумшалат

Аймак 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Кемин шаарынын мэри шаардын борборунда капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулардын сайтында кабарлангандай, бул иштерге 7 млн. 539 миң 366 сом сарптоо пландалууда.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 27-сентябрга чейин кабыл алынат.

№1 айлампа – көпүрөлөрдүн өтмөктөрүн алмаштыруу жана куруу, аялдамаларды куруу - 242 миң 185 сом,

№2 айлампа – Шабдан Баатырдын эстелигинен баштап Ажка базарына чейин жолго асфальт төшөө - 2 млн. 687 миң 283 сом,

№3 айлампа – бетон каналдарды куруу - 1 млн. 656 миң 136 сом,

№4 айлампа – тротуарларга брусчатка төшөө - 2 млн. 953 миң 762 сом.

Пикир

Оставить комментарий