• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кемин жана Москва РИИБнин кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу, жер-жерлерде жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды жергиликтүү жашоочуларга жеткирүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 2-мартында Москва РИИБнин жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар менен биргеликте жергиликтүү жашоочулар менен жолгушууларды уюштурушту. Анда жашоочуларга КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы жеткирилди.

Буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө бири-бирине атаандашуу сыяктуу ысырапкорчулуктарга жол берилип келсе, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары той сыяктуу өтүп, ошол үй-бүлөнү көптөгөн чыгымга алып келгени жолугушууда айтылды. Мындай тартипти киргизүүнү көпчүлүк жашоочулар колдошуп, жолгушуу суроо-жооп менен коштолду.

Ушундай эле иш-чара Кемин РИИБнин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан район аймагында улантылды. Анда жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар уюштурулуп президенттин жарлыгынын талаптары жеткирилди.

Белгилеп кетүүчү жагдай, өткөрүлгөн иш-чара учурунда Кемин РИИБнин кызматкерлери тарабынан Кызыл-Октябрь айылынын жашоочусунун ашыкча чыгымга жол берүүсүн алдын алууга мүмкүн болду. Ал каза болгон тууганына куран окутуу үчүн мал союуга даярданып жаткан учурда ал айылда жолгушуу өтүп президенттин Жарлыгы тууралуу айтылган. Аны үй ээлери жана жергиликтүү жашоочулар туура кабыл алып, мындай талаптарды колдоорун билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий