• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кеминде 14 жашар кызды зордуктап, өлтүрө сабаган жигит 15 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин райондук соту 20 жашар К.А.Б., аттуу жарандын ишин карады. Ага 14 жашар кызды зордуктап, андан кийин өлтүрө сабады деп күнөө коюлган.

Соттун токтомунда маалымдалгандай, айыпталуучу мас абалында 2019-жылдын 20-сентябрь күнү Кемин шаарынын Черемушки кичирайонунда бара жаткан кызды кармап алган. Ал кыздын оозун жаап, зордуктоо максатында бузук имараттардын бирине сүйрөп барган. Шектүү каршылык көрсөткөн кызды катуу сабаган. Айыпталуучу кызды зордуктагандан кийин аны бир нече жолу башка тээп, таштап кеткен. Өспүрүм кыз алган жараттардан улам көз жумган.

Соттук-психиатриялык экспертиза айыпталуучу психикалык жактан жабыркабай тургандыгын көрсөткөн.

Соттон айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ошондой эл ал тергөө учурунда берилген көрсөтмөлөрүн толук колдогон.

Сот аны 130-берененин 2-бөлүгү боюнча күнөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.

Пикир

Оставить комментарий