• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кеминде айылга спорт комплекс курууга которулган акча кымырылып жок кылынган

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.22. /Кабар/. Кеминде айылга спорт комплекс курууга которулган акча кымырылып жок кылынган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук прокуратурасы тарабынан Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары бир катар мыйзам бузуучулуктарга барышкандыгы аныкталды.

2020-жылы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү менен “Б” ЖЧКнын ортосунда аткаруу мөөнөтү 6 айлык болгон аталган айыл аймакка жалпы баасы 12 млн 35 миң 632 сомду түзгөн кичи спорттук комплексин куруу боюнча келишим түзүлгөн.

Белгиленген келишимдин шарттарына ылайык акча каражаты которуу тийиштүү жумуш аткарылгандан кийин которулат деп тургандыгына карабастан, айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары “Б” ЖЧКсынын эсебине жалпы 11 017 681 сом негизсиз которуп жиберишкен.

Ал эми, “Б” ЖЧКы тарабынан которулган акча каражатынын ичинен болгону 3 млн 591 миң 317,74 сомдук гана жумуштар бүткөрүлүп, калган 7 млн 426 миң 363,26 сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып жок кылынган. Мындан улам, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий