• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кеминде "Алтын түйүн" балдардын техникалык академиясынын филиалы ачылды

Билим 0

Бишкек, 11.07.22. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин шаарында "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Салтанат Өмүрканова, "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова, Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев, шаардык кеңештин депутаттары, Кемин райондук мамадминистрациясынын өкүлдөрү, Чүй облусунун райондук мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелеринин директорлору, чыгармачылык балдар борборлорунун директорлору, жергиликтүү тургундар жана окуучулар катышты.

"Филиалдын ачылышы Кемин шаарында гана эле эмес, бүтүндөй Чүй облусунун балдарынын техникалык билимин жана чыгармачылыгын өнүктүрүүгө болгон олуттуу салымы катары болуп жаткандыгы эсептелинет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий