• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кеминде белгисиз бирөөлөр бир адамды темир союл менен сабап кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.19. /Салтана Абдраева – Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарында белгисиз бирөөлөр бир адамды темир союл менен сабап кетишкен. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондук ИИБге 12-январь күнү Чүй районунун аймактык ооруканасына олуттуу жаракаттар менен 29 жаштагы М.Ж. аттуу жаран кайрылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Ыкчам-тергөө тобу ошол күнү саат 22:00 чамаларында Орловка шаардык медициналык жардам пунктунун жанында белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, 29 жаштагы жаранды эч бир себепсиз темир союл менен сабап кетишкендигин аныктаган.

Жабырлануучу милиция кызматына бул боюнча бейтааныш адамдарга чараларды көрүүнү суранып, арыз жазган.

Аталган факт “Кылмыштар реестри” системасында катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында 34 жаштагы А.Н. жана Ч.Б аттуу Чүй облусунун тургундары кармалып, иштин чоо-жайын билүү максатында облустук милиция кызматына жеткирилген.

Учурда КРнын Кылмыш Кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголуп, териштирүү жүрүүдө.

Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий