• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кеминде дайынсыз жоголгон Чубак уулу Жолдошбек изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 1994-жылы туулган Чубак уулу Жолдошбекке издөө салат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын 24-майында Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында жайгашкан мечиттен чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 180 см, чачы кыска кара түстө.

Кийимдери: үстүндө кара түстөгү спорттук костюм, көк түстөгү жайкы баш кийим, кара түстөгү спорттук бут кийим.

Өзгөчө белгилери: мойнунда тырыгы бар, эпилепсия менен жабыркайт.

«Чубак уулу Жолдошбектин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Кемин райондук милициясынын нөөмөт бөлүмү (0312) 61-68-41, (0335) 5-02-80 же 102 номери, Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий