• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кеминде койлор кара өпкөдөн кырылып жатабы? Министрликтин жообу

Аймак 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Чүйдүн Кемин районундагы Жел-Аргы кыштоосунда койлор кара өпкө (пастереллез) ылаңы менен ооруп, массалык түрдө өлүп жаткандыгы тууралуу маалымат интернетке тараган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кемин райондук ветеринардык башкармалыктын адистери жеринде эпизоотиялык иликтөө жүргүзгөн.

Жел-Аргы кыштоосунда жалпысынан 812 баш кой бар экени аныкталды. Койлордун семиздиги орто, ортодон төмөн болгон. Бул август айындагы малдын семиздиги боюнча талапка жооп бербейт. Себеби, мал жайылуучу жайыт күнгөй тарапта жайгашкандыктан жайыт тарып, күндүн катуу ысып жаткандыгына байланыштуу жайыттагы чөп күйүп кеткендиги аныкталды.

Малчылардын айтуусу боюнча, бул жерге көчүп келгендерине төрт ай болгон. Төрт айдын ичинде 26 баш кой, козу өлгөн.

Кемин райондук ветеринардык кызматтын адистери тарабынан койлор клиникалык кароодон өткөрүлүп, жыйынтыгында аларда кыргын (чума), күл (оспа), кара өпкө (пастереллез) ылаңдары байкалган эмес.

Ошондой эле кой-эчкилерге жогорудагы ылаңдарга каршы эмдөө иштери жүргүзүлгөн.
Бүгүнкү күндө жеринде гельминттик мите курттарга каршы дегельминтизация иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий