• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кеминде мал айдап келем деп дайынсыз жоголгон аял 5 күндөн бери табыла элек

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунун Терек-Жайлоо тилкесинде 22-февраль күнү 32 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 24-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн куткаруучулар, милициядан 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 22 адам тартылды. Натыйжа берген эмес.

26-февраль күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий