• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кеминде мал уурдоого шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунда мал уурдоого шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук милициясына Жаңы-Жол айылынын Ш.Ж., аттуу тургуну кайрылып, 28нен 29-мартка караган түнү малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранып кайрылган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Кылмышка шектүү делген 33 жаштагы Т.А., жана 29 жаштагы К.У., аттуу жарандар кармалган. Экөө тең Чүй облусунун тургундары. Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий