• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кеминде милиция коронавирус илдетинин жайылуусун алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Чүй облусундагы Кемин районунун милиция кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундар менен алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда жарандарга үйдө болуу жана себепсиз сыртка чыкпоо, ошондой эле чогулуп коомдук жайларда жүрбөө жеткирилүүдө.

“Кызматкерлер көчөдө жүргөн жарандар менен алдын алуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, көчөлөрдө себепсиз жүргөндөр болсо үйлөрүнө кайтарышууда. Ошондой эле көңүл ачуучу жайларды, күнүмдүк керектүү буюмдардын тизмесине кирбеген товарларды саткан дүкөндөрдү жана адамдар көп чогула турган эс алуу жайларынын ишин убактылуу токтотуу талаптарынын сакталышы милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан текшерилүүдө.

Инфекциянын белгилерин текшерүү үчүн орнотулган фильтрациялык посттордо, Кемин райондук милициясынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, медицина кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик коошуундар биргеликте, күнү-түнү иш-алып барышууда”, - деп айтылат маалыматта.

"Белгилей кетүүчү жагдай, Кемин районунун жашоочуларынын көпчүлүгү убактылуу чектөөнүн зарылдыгын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана дарыгерлердин эскертүүлөрүн түшүнүү менен кабыл алышууда", - деп кошумчалайт облустук милициянын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий