• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кеминде сууга чөгүү жана жолдогу кырсыктардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Кеминде сууга чөгүү жана жолдогу кырсыктардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-июлда Кемин райондук милициясынын башчысы Талантбек Мурадилов сууга чөгүү кырсыктарын жана жолдогу кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн милициянын көчмө кабылдамасы менен райондун аймагында алдын алуу иштерин жүргүздү.

Иш-чарада Кичи-Кемин, Чоң-Кемин, Жел арык айылында жана Орловка шаарында жайгашкан көлмөлөрдө, суу сактагычтарда сууга түшүп жаткан тургундарга жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кырсыктарды алдын алуу боюнча эскертмелар таркатылды. Тыюу салынган көлмөлөргө сууга түшүп жаткан балдардын ата-энелерине өспүрүмдөргө ар дайым көзөмөл кылуу зарылдыгы эскертилип, 20га жакын өспүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Кемин районунун аймагында жол боюнда соода-сатык кылып жатышкан жарандарга алдын алуу иштери жүргүзүлүп, ал жерде иштеп жаткан 7 өспүрүм аныкталды. Алардын ата-энелерине жаш балдарды жол боюна чыгарбоо боюнча эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий