• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кеминде токойдон өрт чыкты — ӨКМ

Кырсык 0


Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кеминде токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын Көк-Жар токоюнда куураган чөптөн, чычырканактан жана дарактардан өрт чыккан. Өрттүн аянты болжол менен 40 гектарды түзөт.

Өрт өчүрүүгө КР ӨКМнин алдындагы ККББдан жана Чүй облустук башкармалыгынан ыкчам топтор, КДМБдан 30 куткаруучу, Кемин райондук №5 ӨКБдан 28 куткаруучу, токой чарба кызматынан 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 киши тартылды.

Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий