• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кеминде турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Кемин районунун Ильич айылында турак үй өрттөнүп, үй ээси бутунан күйүк алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ильич айылындагы Садовый көчөсүндөгү турак үйдүн аянты 7 чарчы метр уктоочу бөлмөсү жана кийим-кечелер күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1978-жылы туулган Б.М. атту эркек киши бутунан күйүк алган жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий