• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кеминде тургундар бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда бир катар маселелерди көтөрүштү

Коом 0

Бишкек, 05.08.22 /Кабар/. Бүгүн, 5-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов Кемин районунун жашоочулары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.

Жыйында жарандар чечилбей келе жаткан укуктук маселелерин көтөрүштү. Алардын ар бир арызы Башкы прокуратуранын жана ИИМдин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары тарабынан жеринде кабыл алынып, чукул арада тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Жолугушууга Кемин районунун аймактарынан келген 300гө чукул тургун катышууда.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, бийлик өкулдөрү аймактарда эл менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угушууда.

Пикир

Оставить комментарий