• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кеминде "Укук тартиби" рейдинин жүрүшүндө эки кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрынан 11-декабрына чейин Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Укук тартиби" аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда Кемин РИИБнин кызматкерлери үйлөрдү кыдыруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары, автоунаа уурулуктарын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, эски буюмдарды жана темир-тезектерди сатып алуучу жана кайра өткөрүүчү жайлардын ээлери менен уурулук кылмыштарын биргеликте алдын алуу боюнча жумуштар өткөрүлдү.

Буга чейин тартип бузуп, ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан каттоого алынган 20 жаран менен жолугушуу болуп профилактикалык иштер, андан сырткары буга чейин жаза өтөп боштондукка чыккан 10 жаран менен тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Район аймагында жаштар чогулуучу жайларда текшерүүлөр болуп, 30дан ашуун ок атуучу куралдын ээлери менен курал жарактарды сактоонун эрежелерин туура аткаруу боюнча түшүндүрүлдү.

Иш-чара учурунда уурулукка байланыштуу эки кылмыш ишинин бети ачылып, өспүрүм балдар менен 10дон ашуун алдын алуу жана түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий