• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кеминде жаңы жана модернизацияланган КТБ өз ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Бүгүндөн баштап Чүй облусунун Кемин шаарында жаңы жана модернизацияланган Калкты тейлөө борбору (КТБ) өз ишин баштады. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымына караганда, жаңы Калкты тейлөө борборунун негизги максаты – “бирдиктүү терезе” тутуму боюнча биздин жарандарга ар түрдүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо болуп саналат.

"Жаңы Калкты тейлөө борборунун ачылышы менен жарандардын мамлекеттик кызмат алуу учурундагы узун кезектер кыйла азайып, убакыт үнөмдөлүп, муну менен бирге жарандарыбыздын мамлекеттик кызмат алуудагы жаралып жаткан тоскоолдуктар менен бюрократиялык фактыларга бөгөт коюлат", - деди Иманов.

Пикир

Оставить комментарий