• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кеминде жайыттан мал айдап келем деген аял дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районунун Терек-Жайлоо тилкесинде 22-февралда 32 жаштагы аял жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине куткаруучулар тартылган. Азырынча натыйжа жок.

24-февраль күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий