• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кеминде жол жээгиндеги комплекс курулду. Имарат эмнелерди камтыйт?

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Чүйдүн Кемин районунун Боролдой айыл аймагында жол жээгиндеги комплекс курулду. Бул тууралуу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Комплексте азык-түлүк дүкөндөрү, тамактануучу жай, эс алуу бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр, жеңил жана жүк ташуучу унаалар үчүн токтотуучу жай, даараткана, балдар аянтчасы каралган.

Ошондой эле АРИС тарабынан автономдук от жагуучу бөлмө, трансформатордук подстанция, суу ичүү үчүн 100 куб метр көлөмүндөгү жабдуу, суу жеткирүү жана, септик, электр өткөрүүчү линиялар жана жер астындагы электр кабелдер орнотулган.

Имараттын аянты 315 чарчы метрди түзөт. Объекттин жалпы наркы 12 мле 569 миң 781 сом. Донор тарабынан 12 млн 341 миң 292 сом көлөмүндө грант бөлүнсө, Боролдой айыл аймагынан 228 миң 489 сом берилген.

Маалымат үчүн: "Айылдарды туруктуу өнүктүрүү" долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты – жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети 11 млн АКШ доллар. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2017-2021-жылдар.

Пикир

Оставить комментарий