Кеминдеги адам өлтүрүүнүн чоо-жайы

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Эркек адам өзүнүн коногун бычак менен сайып салып, ал ошол жерден каза болгон. Адам өлтүрүү Чүй облусунун Кемин районунун Боролдой айылында күн мурун болгон.

Облустук ИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында 02:00 чамасында Кемин РИИБге Боролдой айылында адам өлтүрүү болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келген. 33 жаштагы жергиликтүү тургун Б.У. “Мика” аттуу таанышы менен арак ичип отурганы аныкталган.

Отурушта экөөнүн ортосунда чыр чыгып, Б.У. өзүнүн коногун бычак менен сайып салган. Натыйжада ал ошол жерден көз жумган. Ыкчам-издөө чараларынын жүрүшүндө өлгөн адамдын өздүгү аныкталган. Ал 40 жаштагы Кемин районунун Алтымыш айылынын тургуну болуп чыккан.

Бул факт боюнча КР КК 97-беренесине ылайык (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду. Шектүү катары 33 жаштагы Б.У. кармалып, Кемин РИИБ убактылуу кармоо жайына жеткирилди. Учурда тергөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий