• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.18 /Кабар/. Издөө иштеринин натыйжасында бүгүн, 6-августта саат 15:25те Кемпир-Абад суу сактагычына чөгүп кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 5-августта саат 18:30 чамасында Ош облусун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 2005-жылы туулган Б. уулу Д. аттуу өспүрүм бала чөгүп кеткен. Ошол күнү КР ӨКМнин №53 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес. 6-август күнү издөө иштери улантылган.

Пикир

Оставить комментарий