• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кен иштетүү тармагындагы өндүрүштүк потенциал өлкө экономикасы үчүн зор мааниге ээ - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 29.09.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Кара-

Балта шаарындагы «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» (КТКК) ачык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, учурда комбинатты тиешелүү жабдуулар менен толук жабдуу жана уранды башка элементтерден бөлүү боюнча өндүрүштүк линияларды орнотуу боюнча кеңири иштер аткарылды. Азыркы тапта өндүрүштүк чынжырча ишке киргизүүгө даярдалган жана жакынкы мезгилде Кызыл-Омпул кенинен сырье иштетүүнү баштоо пландалууда. Кыдыруу учурунда Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында атамекендик өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган чаралардын жыйындысын кабыл алууда жана атамекендик сырьену пайдаланууга басым жасаган ишканаларга өзгөчө көңүл бурат.

«Кыргыз Республикасынын аймагында баштапкы сырьену алуудан тарта, аны кайра иштетүү, товардык өндүрүмдү алуу жана аны рыноктук сатууга чейинки толук өндүрүштүк циклди түзүү зарыл. Бул ишкананын өндүрүшү ушул маселени ишке ашырууда биз алгачкы баскычтардын бирине жетишкенибизди күбөлөндүргөн маанилүү мисал катары кызмат өтөйт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, өлкөнүн тоо кен өндүрүү тармагын өнүктүрүү маанилүү социалдык маселелерди чечүүнү, жумуш орундарды түзүүнү жана экономиканы өнүктүрүүнү шарттайт.

«Акыркы жылдары комбинат минералдык-сырьелук базанын жоктугунан токтоп турган жана Өкмөттүн натыйжалуу чечимдерине жараша ишкана өздүк сырьенун негизинде уранды байытуу жана өлкө аймагында өндүрүлгөн уран бар концентратты кайра иштетүү боюнча цехти ишке киргизүүдө», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле КТКК алдындагы Борбордук илимий-изилдөө лабораториясына барды, мында изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшү сунушталды. Жетекчилик маалымдагандай, лаборатория 1956-жылы Кара-Балта тоо-кен комбинатынын минералдык сырьену изилдөө, уран, молибден,
вольфрам, калай жана башка металлдарды тандоо жана алуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча бөлүгү катары негизделген. Учурда лабораториянын ишмердигиндеги негизги багыттары катары - өлкөнүн тоо кен өнөр жайы үчүн технологияларды иштеп чыгуу жана анализдерди жүргүзүү саналат.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өлкөдө туруктуулукту камсыздоонун жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатат.
Андан соң Өкмөт башчы «Кыргызалтын» ААКсынын «Аффинаждык заводу» менен таанышты, мында Доре эритмеси түрүндө алтын кен сырьесу кайра иштетилет. Премьер-министрге маалымдалгандай, аффинаждык заводдун негизги продукциясы стандарттык жана ченемдик куйма түрүндөгү 99,99% аффинаждалган алтын жана «Good Delivery» стандартындагы стандарттык куйма түрүндөгү 99,99% күмүш болуп саналат. Ишкананын негизги баштапкы сырьесу - Кумтөр алтын чыгаруучу фабрикасынын Доре эритмеси түрүндөгү продукциясы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын жетекчилигинин көңүлүн ишке киргизүүгө дыкат даярдык көрүүнү камсыздоо зарылдыгына буруп, өндүрүштө бардык техникалык жана экологиялык талаптардын кынтыксыз сакталышын талап кылды. Маалымдама: «КТКК» ААК 1955-жылы негизделген жана уран концентраттарын кайра иштетүүгө адистешкен. Уранды кайра иштетүүнүн максималдуу өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 3000 тоннага дейре негизги продукцияны түзгөн. Бирок совет мезгилинен соң, өздүк минералдык-сырьелук база жоктугуна байланыштуу завод чет элдик уран өндүрүү ишканаларынын толлинг негизиндеги иштетип алма сырьену кайра иштетип жаткан. 1955-жылдан тарта ишкана технологиялык процесстин негизги бөлүгү катары саналган калдыктар сакталуучу жайды иштетип келет

Пикир

Оставить комментарий