• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кенекеев Ош шаарындагы жумушчу сапарынын алкагында бир нече социалдык объектилердин ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 11-декабрда, Ош шаарынын Жапалак айылдык аймак башкармалыгына караштуу Тээке айылындагы № 45 Мырзаев атындагы орто мектептин 275 орундуу окуу корпусунун ачуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

“Буга чейин далай жолу Ош шаарына келип-кетип жүрсөм да, бүгүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри катары алгачкы сапарыма сиздердин жакшылыгыңыздарга ортоктош болуп олтурам. Мектебиңер ак жолтой болсун деген каалоомду билдирип кетким келет”, -деди Дайыр Кенекеев.

Вице-премьер-министр Ош шаары социалдык-экономикалык жактан өнүгүү жолуна түшүп, жыл сайын көркүнө чыгып бара жаткандыгын белгиледи.

“Мындан бир нече жыл мурдагы Ош шаары менен азыркы Ош шаарынын айырмасы ачык көрүнүп турат. Инфраструктурасы жакшырып, көчөлөрү таза, кооз шаар көз алдыга тартылды”- деди вице-премьер-министр.

Дайыр Кенекеев акыркы жылдарда Ош шаарында билим берүү тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө маани берилип жаткандыгын белгилөөгө болот деп билдирди. Ал 2014-жылдан бери Ош шаарында 740 орундуу 2 орто курулуп, пайдаланууга берилгенин айтты.

“Ошондой эле № 11 “Жибек-Жолу” аймактык кеңешинде 275, “Дача” участкасында 275 окуучу орундуу мектептердин, №2 “Достук” аймактык кеңешинде 500, № 5 “Керме-Тоо” аймактык кеңешинде 720 окуучу орундуу окуу корпустарынын жана №9 “Амир-Тимур” аймактык кеңешинде 625 окуучу орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат”-деди Дайыр Кенекеев

Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын колдоосу менен А.Навои мектебине кошумча 630 окуучу орундуу окуу корпусунун курулушу башталган. Вице-премьер-министр ушул эле мезгилде бала бакчаларды, спорт аянтчаларын курууга да басым жасалып, 775 орундуу 8 бала бакча, 31 спорт жана балдар аянтчалары курулгандыгын айта кетти.

Вице премьер-министр жаңыланган мектептин окуучуларына билимдүү, элине ак ниетинен кызмат өтөгөн, ата-энесинин үмүтүн актаган мыкты уул-кыздарыбыз тарбияланып чыксын деген тилектерин айтты.

Андан тышкары, Дайыр Кенекеев Эл аралык майыптар күнүнө утурлай, Ош шаарынын «Анар» кичи районундагы 66 батирлүү көп кабаттуу социалдык турак үйдүн ачкычтарын берүү аземине катышты.

“Бул социалдык турак үйдүн курулушу социалдык колдоого муктаж болгон жарандарыбызга камкордук көрүү максатында мамлекетибиз тарабынан колдоого алынып, мына бүгүн чогуу пайдаланууга берип олтурабыз”,- деди Дайыр Кенекеев.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө кыргыз эли кылымдардан бери азиз адамдарды кароосуз калтырбай, аларга камкордүк көрүп, астейил мамиле жасаган деп белгилеп, буга байланыштуу уламышты мисал келтирди.

“Толубай сынчы жөнүндөгү дастанды ким билбейт? Толубай үйүр-үйүр жылкылардын арасынан Чаар атты “тулпар” деп тандаганда жинденген хан Толубайдын көзүн ойдуруп салган. Көзү көрбөсө да Толубай сынчы Чаар атты сурап алып, аны тулпар кылып таптап, хандын баардык күлүктөрүн женгени атактуу акын Алыкулдун калеми менен дастан болуп айтылып келет. Мен бул дастандын өзөгүн түзгөн негизги идеяны эстеп жаткандыгымдын себеби кыргыз эли эч качан аярлуу адамдарды кемсипнтпей, майыптыгына карабай анын акыл эсине, кыраакылыгына баа берип келген.”-деди Дайыр Кенекеев.

Социалдык үй Кытай Эл Республикасынын каржылоосу менен курулуп, пайдаланууга берилди. Вице-премьер-министр кыргыз элинин атынан Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө терең ырачылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий