• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кенекеев: Ош - таза жана жарык шаар

Аймак 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта КРнын вице-примьер-министри Дайыр Кенекеев жана Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин катышуусунда Ош шаарынын Жибек-Жолу эс алуу жайында арчалар жана бак дарактар отургузулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул иш-чара жазгы тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча жарыяланган 3 айлыктын алкагында уюштурулду. КРнын вице-примьер-министри Дайыр Кенекеев өз сөзүндө Ош шаары Кыргызстандын ичинен эң таза жана жарык шаар деп баса белгилеп, Өкмөттүн “Жаңы доорго, кырк кадам” программасынын алкагында “Коопсуз шаар”, “Жашыл шаар” долбоорлору Ош шаарында ишке ашып жаткандыгы кубандырат деп кошумчалады.

Ал эми шаар мэри Айтмамат Кадырбаев 19-февралда кабыл алынган Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалоо, турак-жайлардын сырткы көрүнүшүн, көчөдөгү илинген көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды текшерүү боюнча тапшырмалар берилип, 3 айлык жарыялангандыгын билдирди.

Ошондой эле, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Вице-премьер министрге Ош шаарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча пландарды айтып берди.

Белгилей кетсек, Жибек-Жолу эс алуу жайына 150 түп ийне жалбырактуу дарактар, 70 түп бак отургузулду. Жалпысынан быйыл Ош шаары боюнча 3500 түп дарак, 40 миң бадал отургузулат. Айта кетсек, көчөттөр Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын өздүк күнөсканаларында өстүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий