• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кенекеев Талас облусун өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев 15-декабрда Талас облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер калган бардык облустар боюнча өткөрүлгөн.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өлкө аймактарындагы калктын бакубаттыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууда, буга байланыштуу жалпы облустарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча тыкыр иш-чара пландарын иштеп чыгуу, ошондой эле алардын аткарылышын мониторингдөө боюнча активдүү иш жүрүүдө

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аймактын учурдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, айыл чарба, өнөр жай, социалдык объектилердин курулушу, жолдорду реабилитациялоо жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал Талас облусун өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары жана аларды ишке ашыруунун чаралары боюнча айтып берди.

Марат Мураталиев үстүбүздөгү жылы ишке киргизилген өнөр жай жана социалдык объектилер, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча чаралар, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшү, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, жаңы өнөр жай обьектилеринин курулушу маселелерине жана облусту өнүктүрүү боюнча программанын ишке ашырылышына кеңири токтолду.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев белгилегендей, аймактын негизги трассаларынын жана ички жолдорунун боюндагы инфраструктураны модернизациялоо жана реконструкциялоо: тротуарлардын, жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн, жарыктандыруу тутумун жана жол чийимдерин орнотуу аркылуу айылдардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу зарыл.

Дайыр Кенекеев Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигине келечекте кубаттуулугу 1,0-1,5 млн тонна цементти түзүүчү “Өзгөрүш” цемент заводуна инвесторлорду тартуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Айыл чарба тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине аймактагы асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү боюнча ишти активдештирүү жана жер-жерлерде калк менен өз-ара аракеттенүүнү күчтөндүрүү тапшырылды. Мындан тышкары, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиги менен биргеликте аймактын бардык райондорунда заманбап талаптарга жооп берген мал союучу цехтерди куруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине облустун айылдарын жана райондорун ичүүчү таза суу менн камсыздоо боюнча тыкыр планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча колдон келген чараларды кабыл алуусу тапшырылды.

Талас облусунун саламаттык сактоо кызматкерлеринин кадрдык мүмкүндүктөрүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине райондук жана аймактык ооруканаларга жаш, квалификациялуу адистерди тартуу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле жалпы билим берүүчү мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мектептерди жетиштүү көлөмдөгү компьютердик техника жана окуу куралдары менен камсыздоо маселесин чечүү тапшырылды. Ошондой эле Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Финансы министрлиги менен биргеликте ыкчам тартипте токтоп турган мектеп курулуштарын жыйынтыктоо боюнча сунуш киргизүүсү тапшырылды.

Вице-премьер-министр облустун социалдык- эконмикалык абалын жакышыртуу боюнча коюлган милдеттерди ыкчам чечүү иретинде мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийликтин так координациясынын маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий