• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кенекеев Тажикстандын Премьер-министри менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 19-мартта, эки тараптык суроолорду комплекстүү түрдө кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин алкагында Дүйшөмбү шаарында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 1-2 февралында Тажикстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.

Кохир Расулзода эки мамлекет соода-экономикалык алакаларын өнүктүрүүсү жана бекемдеши керектигин баса белгилеп кетти.

«Азыркы тапта соода жүгүртүүнүн расмий статистикасы эки өлкө ортосундагы учурдагы мүмкүндүктөрүн чагылдырбайт. Буга байланыштуу тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарын кеңейтиши керек. Өзгөчө экономика, транспорт, энергетика жана айыл чарба жаатындагы эки тараптык кызматташтыкты активдештирүүгө көңүл буруу керек», - деди ал.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев кыргыз тарап соода-экономикалык жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, бардык тармактар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүү, соода жүргүзүү жана товарларды ташуу үчүн алгылыктуу жана өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүгө кызыктар. Ушуну эске алуу менен биз буга чейин мамлекет башчылары ортосунда жетишилген макулдашууларды сапаттуу жана өз учурунда аткаруу боюнча бардык чараларды көрөбүз»- деди Дайыр Кенекеев

Аны менен катар жолугушуунун катышуучулары суу-энергетикалык жааттагы кызматташтык боюнча маселелерди талкуулашты.

«Биздин өлкөлөр суу-энергетикалык жаатында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы электр энергияга болгон чоң талапты эске алуу менен тараптар бул маселе боюнча өз ара пайдалуу негизде кызматташуусу зарыл», - деди Премьер-министр Кохир Расулзода.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен алдыга коюлган маселелерди чечүү үчүн консультацияларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тажик тарап Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган Эл аралык театралдык фестивалга катыша тургандыгын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий