• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кенияда полиэтилен баштыкчаларына тыюу салынды

Дүйнө 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Кенияда 28-августтан тарта полиэтилен баштыкчаларына тыюу салынды. Сатуу, сатып алуу жана баштыкчаларды колдонууга 19 миңден 38 миң долларга чейин айып пул салынат. Жогорку жаза – бул үч жылга чейин эркинен ажыратуу,- деп жазат currenttime.tv.

Мындан тарта, өлкөгө кирип жаткан туристтер полиэтилен баштыкчасын аэропортто тапшырууга туура келет.

Greenpeace маалыматына караганда, жыл сайын океанга 8 млн тоннага жакын желим ташталат.

Мурда мындай тыюу бир катар африка өлкөлөрүндө, анын ичинде Түштүк Африка Республикасында киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий