• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Кентавр” кыргыз тасмасы “НИКА” сыйлыгына көрсөтүлдү

Маданият 0


Бишкек, 07.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы “НИКА” сыйлыгынын “КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясына көрсөтүлдү. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында айтылат.

6-мартта 31-чи “НИКА” Россиялык Улуттук кинематография сыйлыгынын номинанттары жарыяланып, “КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясындагы беш номинанттын бири режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” кыргыз тасмасы болду.

“НИКА” кино сыйлыгы 1987-жылы Россиянын “Ника” кинематография өнөрү академиясы тарабынан негизделген. Ар бир номинациядагы жеңүүчүлөргө байыркы грек кудайы Никанын статуэткасы ыйгарылат.

Жеңүүчүлөр Россия кинематография өнөрү Академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсү менен аныкталат. Ага бардык кинематографиялык адистиктердин, Россиянын кинематографисттер Союзунун мүчөлөрү кирет. Учурда Жалпы россиялык кинематография өнөрү Академиясында 621 адам бар.

Пикир

Оставить комментарий