• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Кентавр” тасмасы Бельгиядагы Эл аралык кинофестивалда баш байгени алды

Маданият 0


Бишкек, 2-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы 18-30-апрелде Тюрнхаут жана Брюг шаарларында өткөн Бельгиядагы «MOOOV» Эл аралык кинофестивалында баш байгени алды. Бул тууралуу КР кинематография фондунан билдиришти.

Фестивалдын арт-директору Марк Бунендин айтымында, «Приз КАНВАС» фестивалдын мыкты тасмасына ыйгарылат жана Бельгия, Нидерланд жана Люксембургда дистрибуция кепилденет. “Тасма Бенилюкс өлкөлөрүндө 2018-жылдын жазында көрсөтүлө баштайт”, - деп тактады М.Бунен.

MOOOV кинофестивалы дүйнө жүзү боюнча автордук кинолорду, бул дүйнөнүн байлыгын жана ар түрдүүлүгүн аныктаган тасмаларды тандайт. Негизделгенден тарта фестиваль бүтүндөй Бельгия үчүн маанилүү окуяга айланган.

Фестивалдын девизи – бул “Фландрия үчүн дүйнө жүзүнүн мыкты тасмалары”.

Негизги сынактык программада Сингапур, Түркия, Аргентина, Индия, Мексика, Түштүк Африка, Сенегал жана Кыргызстандан 8 тасма сунушталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда тасма 31-марттан баштап көрсөтүлүүдө.

«Кентавр» - бул Кудайды издөө жана элинин каада-салтын сактоо үчүн айыгыша күрөшкөн адам тууралуу тасма. Бул ат адамдын канатына айланган адам менен аттын ортосундагы метафизикалык байланыш жөнүндө сага.

Пикир

Оставить комментарий