• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Кентавр” тасмасы “Оскар” сыйлыгынын лонг-тизмесине кирди

Маданият 0

Бишкек, 06.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасы “Оскар” сыйлыгынын лонг-тизмесине кирди. Бул тууралуу күн мурун сыйлыктын расмий сайтында жарыяланды.

92 мамлекет "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгына ат салышуу үчүн өз тасмаларын көрсөтүшкөн.

Номинанттардын шорт-тизмеси 2018-жылдын 23-январында жарыяланат. Иш-чаранын өзү 4-мартта өтөт.

"Кентавр" - өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына аракет кылган адам тууралуу тасма.

Пикир

Оставить комментарий