• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кенжебек Бокоев бир катар айылдык кеңештердин төрагалары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 28-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев бир катар айылдык кеңештердин төрагалары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу алкагында Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин тыгыз кызматташтыгын арттыруу маселеси көтөрүлүп, айылдардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр да талкууланды.

Депутат Кенжебек Бокоев парламенттин иши тууралуу учкай маалымат берип, кабыл алынып жаткан мыйзамдар жана алардын аткарылышына тиешелүү суроолорго жооп берди.

“Айылдык кеңештердин депутаттарынын жигердүүлүгүн арттыруу менен алар көтөргөн демилгелерди ишке ашышына көмөк көрсөтүү учур талабы болууда. Андан тышкары, жергиликтүү бюджетти туура бөлүштүрүү менен алардын эффективдүү пайдаланылышын да көзөмөлгө алуу керек”, – деди депутат К.Бокоев.

Ошондой эле, жергиликтүү кеңештин депутаттары да бир катар суроолорду беришип, алардын чечүү зарылчылыгын белгилешти. Алсак, Талас облусунун Покровка айылдык кеңешинин депутаты Динара Калмукамбетова айылдык мектептердеги агартуучулардын көйгөйүн көтөрүп, мугалимдердин статусу жөнүндөгү мыйзам толугу менен иштебей жаткандыгын мисал келтирди.

Пикир

Оставить комментарий