• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кепилдик фонд ишкерлерге 3,2 миңден ашуун насыя алууга жардам берди

Экономика 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Кепилдик фонду өз ишмердүүлүгүн баштагандан тарта 17 млрд 588 млн сомго 3 миң 266 кепилдик берүү менен бизнести колдоого алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, берилген кепилдиктердин суммасы 5,1 млрд сомдон ашты.

Колдоого алынган тармактарга айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өнөр жай, соода, курулуш, транспорт жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөр кирет.

“Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 84%га жакыны өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган”, - деп белгилешти фонддон.

2022-жылдын башынан бери Кепилдик фонд күрөө менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга дуушар болгон ишкерлерге 1 млрд 665 млн сомдон ашык суммага 879 кепилдик берүү аркылуу колдоо көрсөттү, бул өнөктөш банктарга “КФ” ААКсынын күрөөсү менен 5 млрд 735 млн сомдон ашык кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берди.

Белгилей кетсек, былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы жылы берилген кепилдиктердин көлөмү 0,5 млрд сомго көп болсо, өнөктөш банктар быйылкы жылы кепилдик жана күрөө менен насыяларды 1,8 млрд сомго көп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий