• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кепилдик фонду 2017-жылы 204 млн сомго 192 кепилдик берди

Экономика 0

Бишкек, 28.11.17 /Мехрниса Сулайманова – Кабар/. 2017-жылдын 10 айында “Кепилдик фонду” ААК жалпы суммасы 204 млн сомго 192 кепилдик бекиткен. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, чакан жана орто бизнес субъекттери Кепилдик фонду көрсөткөн жардам аркылуу өнөктөш банктардан 801 млн сомго насыя алышкан. Фонддун кирешеси жыл башынан бери 11,8 млн сомду түзгөн. Жылдык план 8,5 млн сом болгон.

Эгерде тармактар боюнча алып караганда, айыл чарба жана балык чарбасына 87 кепилдик 41 млн сомго берилген.

- Соода инфраструктурасы – 47 кеилдик 69 млн сомго

- кайра иштетүү өнөр жайы – 18 кепилдик 36 млн сомго

- а/ч продукциясын кайра иштетүү – 12 кепилдик 14 млн сомго

- транспорт ишмердиги жана жүк сактоо – 9 кепилдик 8 млн сомго

- кызмат көрсөтүү инфраструктурасы – 8 кепилдик 13 млн сомго

- кыймылсыз мүлк операциясы – 2 кепилдик 2 млн сомго

- курулуш инфраструктурасы – 1 кепилдик 3 млн сомго

- саламаттык сактоо инфраструктурасы – 1 кепилдик 2 млн сомго.

Аймактар боюнча: Бишкекте – 50, Чүй облусу – 42, Ош облусу – 19, Баткен облусу – 21, Нарын облусу – 35, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 19, Талас облусу – 1.

2017-жылдын 31-октябрына карата маалымат боюнча КФ ишмердигинде 419 жаңы иш орундары түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн Кепилдик фонду мыкты өнөктөш банктарды сыйлады. Кепилдик бергендердин жарымынан көбү “Айыл Банкка” туура келет.

Пикир

Оставить комментарий