• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кепилдик фонду” 2018-жылдын башынан бери 294,6 сомго кепилдик берди

Экономика 0

Бишкек, 07.09.18 /Кабар/. 2018-жылдын 7-сентябрына карата 294,6 миллион сомго 300 кепилдик берилген. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, кепилдиктердин саны быйыл 2017-жылга салыштырмалуу 128 пайызга көбүрөөк. Ал эми суммасы боюнча 120 пайызга көп.

“Кепилдиктерден улам ишкерлер банктардан керек болгон насыянын суммасын алышып, өздөрүнүн бизнесинен түшкөн акчаны 1 миллион 948 миң сомдон ашык суммага жеткиришкен. “Кепилдик фонду” ААК иштеринин натыйжалары өлкөнүнүн экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым болуп саналат. Ал ички дүң продукциясынын түзүлүшүнө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө, бар болгон жумушчу орундарын колдоого, аймактардагы жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүгө жана жергиликтүү бюджетке кирешелердин түшүшүнө таасирин тйигизет”, - деди Абакиров.

Анын маалыматына караганда, кепилдиктерди берүү 11 банк менен өнөктөштүк аркылуу ишке ашырылат.

2018-жылдын апрель-май айларында Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунан алынган 100 миллион сом өлчөмүндөгү насыя каражаттарын “Кепилдик фондунун” өздөштүрүүсү тууралуу айтсак, 7-сентябрга карата аталган каражаттардын 68 пайызы өздөштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий