• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кепилдик фонду" 500 млн сом суммасындагы 300 кепилдик боюнча реструктуризация жасады - Абакиров

Экономика 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. "Кепилдик фонду" дээрлик 500 млн сом суммасындагы 300гө жакын кепилдик боюнча реструктуризация жасады. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

"Улуттук банк менен Каржы министрлиги коммерциялык банктарга жеңилдетилген каражаттарды берет. Күрөөсү жок болгон банктар "Кепилдик фондуна" кайрылышат. Биз 104 млн сомго 42 кепилдик берип, насыянын көлөмү 270 млн сомдон ашты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий