• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Кепилдик фонду" ААКнын үч айдагы капиталы 600 миң сомдон ашык болду

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. "Кепилдик фонду" ААКсынын чакан жана орто ишкерчиликти колдоо боюнча үч айдагы капиталы 600 миң сомдон ашык болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Кепилдик фонду" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын алгачкы үй айында уюмдун активдери 832 миң 321 сомду түзгөн. Милдеттенмелер 222 миң 739 сом, капитал 609 миң 582 сом, аны менен бирге уставдык капитал 582 млн. сом болгон.

"Кепилдик фонду" ААКсынын таза кирешеси 9 миң 264 сомду түзгөн. Таза киреше боюнча план 163%га аткарылган. 2018-жылдын ушул эле мезгилине караганда таза киреше 6 миң 346 сомго көп болгон.

Пикир

Оставить комментарий