• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Кепилдик фонду" ААКсы түзүлгөндөн бери 1,2 млрд сомго 916 кепилдик берген

Экономика 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. 2016-жылдан тарта 2019-жылдын 29-июлуна чейин "Кепилдик фонду" ААКсы 1,2 млрд. сомго 916 кепилдик берген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, "Кепилдик фонду" ААК ишмердигинин көрсөткүчтөрү кепилдик капиталы натыйжалуу пайдаланылып жатканын көрсөтүүдө.

"Өнөктөш банктар фонддун кепилдиги менен ишкерлерге 4,1 млрд. сом насыя берген. Берилген кепилдиктин аркасы менен 1 миң 601 жаңы жумушчу орун түзүлүп, иштеп жаткан 7 миң 590 жумушчу орунга колдоо болгон. Аял ишкерлерге 285 млн. сомдук 248 кепилдик берилген. Жалпы көлөмдө аял ишкерлердин үлүшү 28%ды түзгөн", - дейт ал.

Ал белгилегендей, экспортко багыт алган долбоорлорго 202 млн сомдук 57 кепилдик берилген.

"Кепилдик төлөмдөр облустар боюнча төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: Жалал-Абад облусу – 14%, Ош облусу – 8%, Нарын облусу – 18%, Талас облусу – 3%, Чүй облусу – 16%, Ысык-Көл облусу – 10%, Баткен облусу – 7%. Калганы Ош жана Бишкек шаарына туура келет", - дейт ал.

Андан тышкары, Абакиров кепилдик фонддун кыргызстандык үлгүсү Тажикстанда иштей тургандыгын белгиледи.

"Сүйлөшүүлөр жүрдү. Алар сунушталган ченемдерди кабыл алды", - деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, Беларустун банк системасынын өкүлдөрү аларда да ушундай фондду түзүүнү сунуштаган.

"Кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлгандыктан сүйлөшүүлөр жүрөт", - деди Абакиров.

Пикир

Оставить комментарий