• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Кепилдик фонду" ААКсынын уставдык капиталы 1,132 млрд сомду түздү - башкармалыктын төрагасы

Экономика 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Улуттук банк "Кепилдик фонду" ААКсынын акционерлеринин катарына кошулгандан кийин фонддун уставдык капиталы 1,132 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, 19-июлда Улуттук банк "Кепилдик фонду" ААКсынын кошумча чыгарган 550 млн. сомдук акцияларын сатып алып, 49% үлүшкө ээ акционер болуп калды.

"Кепилдик фонду" ААКсы 2016-жылы 282 млн. сом уставдык капиталы менен түзүлгөн. 2018-жыл КР өкмөтү аны 582 млн. сомго көбөйткөн. 2019-жылы уставдык капитал 1,132 млрд. сомду түздү. Эгер "Кепилдик фонду" ААКсынын уставдык капиталын банктардын көрсөткүчү менен салыштырса фонд 8-орунда, ал эми өздүк капиталдын өлчөмү боюнча 12-орунда турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий