• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кепилдик фонду аял ишкерлерге 457 млн сомго 538 кепилдик берген

Экономика 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Кепилдик фонду аял ишкерлерге жалпы суммасы 400 млн сом болгон 538 кепилдик берген. Бул тууралуу "Кепилдик фонду" АККсынын төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтымында, жалпы берилген кепилдиктердин 34%ы аял ишкерлерге туура келет.

"Аял ишкерлерге да көп көңүл бурабыз. 2017-жылы Кепилдик фонду Азия өнүктүрүү банкы менен бирге келечекте ишкер болчу 277 аялга окутуу өткөргөн. Алардын 20сы насыя алышты. Жыл сайын 1 миң 200 кишини окутуудан өткөрөбүз. Алардын арасында аялдар да бар. Фонд кепилдик алгандарды эркек ишкер же аял ишкер деп бөлбөйт", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, фонд Дүйнөлүк банктын "Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү түрдө арттыруу" долбоорунун ишке ашырылышына да катышууда. Өткөн жылдын күз айларында Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорунда 444 фермер 32 млн сомдук насыя алууга мүмкүндүк алган. Алдыда сүт фермаларын колдоо иштери Тоң жана Ысык-Көл райондорунда да улантылат.

"Жакында эле ишкерлер менен жолугушуп, бир аял, мурда үйдө отурганын, бирок биздин колдоонун аркасы менен сүт багытында ишкерлик кыла баштаганын айтты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий